БОСТЕРИ ЖАРЫМ АРАЛЫ
БОСТЕРИ ЖАРЫМ АРАЛЫ Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде. Сөгөттү жана Четки-Долоноту сууларынын аллювий-пролювий шиленди конустары кошулуп жарым аралды түзөт. Үч бурчтук сымал формада, туурасы 5,5 км. Көлгө 2,1 км кирип турат. Чыгыш учунда, Кес-Сеӊир тоосунун маӊдайында Бостери колтугу жайгашкан. Тумшугу 1 км аралыкка чейин күдүрлүү келип, буйткалар көп кездешет. Азыркы тектирлерди кумдуу жээк жалчалары жана алардын аралыгындагы лагуналуу кургак оёӊчолор түзөт. Жарым аралдын эки капталына теӊ суу астындагы жана үстүндөгү кум жана конгломерат жалчалары мүнөздүү. Жээктери кумдук, кой таш, шагылдуу. Суу астындагы уландысы 2 кмге (20 м тереӊдикте) чейин созулат. Бостери жарым аралы – Ысык-Көлдөгү ири курорттуу жайлардын бири. Алтын-Кум жээктери, жер астынан чыккан жылуу суусу, деӊиздик климаты эс алууга ыӊгайлуу.