БОСТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БО́СТОН АСЕМ ИСКУ́ССТВО МУЗЕЙИ СССТОН АСЕМ ИСКУССТВО МУЗЕЙИ– Америка Кошмо Штаттарындагы ири көркөм музейлердин бири (1870-жылы негизделген). Музейде Египет, Грекия, Рим искусствосунун эстеликтери топтолгон. Орто кылымдагы Кытай жана Япония, Индия, Азия өлкөлөрүнүн искусствосу (скульптура, живопись, карапа), Англиянын күмүштөн жасалган буюмдары, Франциянын импрессионисттеринин картиналары, XVIII–XX кылымдардагы Америка живописи (Г. Стюарт, Ж. Вашингтондун портрети, 1796) жана башка кооздоо жана көркөм сүрөт искусствосунун эстеликтери сакталган.