БОСТОН (бий)
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОСТО́Н (boston, АКШнын Бостон шаарынын атынан) – алгач Бостон шаарында 19-кылымда пайда болгон лирикалык мүнөздөгү бий. Жай вальстын бир түрү. 1920-жылдарда Европада кеӊири тараган. Кадимки вальстан айырмаланып, бийди коштогон музыкалык кайрыктын үчүнчү, кээде экинчи үлүшүнө тыным туш келет.