БОСТОН (кыргыз уруусу)
БОСТОН – кыргыз уруусунун аталышы. Бул уруу кыргыздын ичкилик уруулук бирикмесине кирет. Уруунун пайда болушу жөнүндө санжырада уламыштар сакталып калган эмес. Болгону аны ичкилик урууларынын түпкү атасы Салвасбек-булагачынын бир уругу катары сыпаттап, андан тараган тукум Бостон уруусун түзөт деп гана баяндалат. Тарыхый даректерде болсо Бостон кыргыздын бир уруусу катары 16-кылымдан бери белгилүү. Ошол заманда жазылган «Мажму ат-таварихте» ичкилик алты уруунун бири катары көргөзүлгөн. Ушундан тартып кийинки мезгилдерде жаралган жазма даректерде Бостон уруусу жана андан чыккан ишмер адамдар тууралуу маалыматтар кездеше баштайт. Уруунун генезиси тууралуу изилдөөчүлөрдүн арасында бирдей пикир жок. Бирок алардын көпчүлүгү Бостон уруусун байыркы этностук компонент катары белгилешет. Негизинен бул уруунун түпкү тегин орто кылымдарда Борбордук Азияда жашап өткөн түрк тилдүү карлук уруулары менен байланыштырат. Карлуктардын «бистан» аттуу уруусу болгондугу тарыхый даректерден белгилүү. Бостон уруусунун уруктук түзүлүшү да акырындык менен унутулуп бараткандыгына байланыштуу, чаташуулар арбын кездешет. Ал уруу – бозала бостон, батмунке, думар, баймат тукум, телмин, чаманай, мардай, сазан, гядык, балчы, каржады, бабачал, жиндө ж. б. уруктук топторго ажырайт. Бостон уруусунун негизги бөлүгү Ош облусунун айрым райондорунда жайгашкан.
Р. Жолдошев.