БОТНИЯ БУЛУӉУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОТНИ́Я БУЛУӉУ (шведче Botten – өрөөндүн таманы) – Балтика деӊизинин Швеция менен Финляндиянын аралыгындагы түндүк бөлүгү. Узундугу 668 км, туурасы 240 кмге чейин, тереӊдиги түштүгүндө 290 м, түндүгүндө 112 мге чейин. Шхерлер (аскалуу майда аралдар) көп. Октябрдан июлга чейин муз каптап жатат. Башкы порттору: Вааса, Оулу, Пори (Финляндия), Лулео, Умео (Швеция), Сунсвалль.