БОТО КӨЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОТО КӨЗ (Myosotis) – өсүмдүктөрдүн эндиктер тукумундагы уруусу; бир-эки же көп жылдык чөп. Сабагы тик, тамырынан чачырап өсөт, бийиктиги 15–50 смге жетет, сейрек калыӊ түк менен капталган. Жалбырагы калактай, бүтүн, жөнөкөй, түктүү, саптуу, сабагына кезектешип жайгашат. Гүлү агыш же көк, 5 мүчөлүү. Топ гүлү – чачы. Мөмөсү – жаӊгакча. Кооз өсүмдүк. Евразиянын мээлүүн алкагында, Түштүк Африка, Жаӊы Зеландиянын тоолорунда 80дей түрү, Кыргызстанда 5 түрү өсөт. Бийик тоолордо саздак жерлерде ажайып кооздукту пайда кылат. Жыттуу бото көз кеӊири таралган.