БОЦМАН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БО́ЦМАН (голл. bootsman) – кеме экипажынын кенже командалык (АДФте старшиналык) курамындагы кызмат, палуба командасынын түздөн-түз начальниги. Боцман жалпы иштерге жетекчилик кылуу, кеменин тетиктеринин кармалышына матросторду машыктырууга, кемедеги тартипке жана тазалыкка көз салат. Ири аскер кемелеринде башкы Боцман ж-а бир нече Боцман болот.