БОШОӉДОТУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БОШОӉДОТУУ м е т а л л д ы – чыӊоодон кийин эритмени белгилүү температурага ысытып кайра муздатуу (эреже катары сууда же абада) менен иштетүү. Ал негизинен болотту ысык иштетүүдө колдонулат. Түстүү металлдардын куймасын Бошоңдотуу жасалма эскиртүү деп аталат. Чыӊоодон болот жумшарып, морт болуп, аны иштетүүгө терс таасирин тийгизет. Ошондой эле өтө катуу болот тетиктер да акыркы жолу кыйынчылык менен механикалык иштетилет. Ошондуктан болот бышыктыгын арттырып, жумшактыгын жогорулатуу үчүн бошоӊдотулат. Ал төмөнкү (–120...–250°С), орточо (300–400°С) жана жогорку (450–650°С) температурада жүргүзүлөт (акыркысы ж а к ш ы р т у у деп да аталат). Бошоңдотуу режими талап кылынуучу бышыктык менен майышуучулуктун катышына жараша тандалат.