БОЯРЛАР ДУМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БОЯРЛАР ДУМАСЫ – 1) Байыркы орус мамлекетиндеги княздын алдындагы дружинниктери, жакын туугандары ж. б. жакын адамдарынан турган (1547-жылдан падыша алдында) кеӊеш органы. 2) Феодалдык бытырандылык мезгилинде князга караштуу анын тектүү вассалдарынан турган кеӊеш. 3) Россия падышалыгындагы 15-кылымдын аягы – 18-кылымдын башындагы аристократиянын улуу князы (падыша) алдындагы туруктуу сословиелик – өкүлчүлүк органы. Боярлар думасы мыйзам чыгаруу, тышкы саясат, мамлекеттин ички түзүлүшү, дин ж. б. маселелерди талкуулаган. 17-кылымдын 2-жарымында Боярлар думасынын ролу төмөндөп, Сенаттын түзүлүшүнө байланыштуу 1711-жылы жоюлган.