БРАДЗОТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРА́ДЗОТ , к е ж е ӊ – койдун катуу кармоочу жугуштуу ылаӊы. Мында карындын, жумурдун былжыр чели сезгенип, ички паренхималык органдар (боор, бөйрөк ж. б.) жабыркайт. Козгогучу – Clostridium septicum, Clostridium oedomatiens деп аталуучу споралуу микроорганизмдер. Ылаӊ мал жайытка чыккандан тартып, жылдын бардык мезгилинде (жай, күз, кыш) жолугат, көп учурда өтө тез өтөт. Ылаӊдаган койдун көзү кызарып, ичи көбөт, тишин кычыратып, денеси калтырайт жана кежигесин тартат, 20–30 минда өлөт. Ылаӊ создугуп өтсө, койдун дене температурасы көтөрүлөт, оозунан кан аралашкан көбүк куюлат, жүрөктүн согушу ылдамдап, дем алуусу кыйындайт жана ичи көөп, тынчы кетип 12–14 саатта жыгылып, өлөт. Ылаӊдын өтө тез өткөн түрүн дарылоо натыйжа бербейт. Өнөкөткө өткөн кезде антибиотиктер, витаминдер жана атайын даярдалган кан сары суусу колдонулат. Брадзотту алдын алууда койду жайытка чыгардан 30–45 күн мурда эмдөө жүргүзүлүп, короо-сарай дезинфекцияланат.