БРАЗЗАВИЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗЗАВИ́ЛЬ – Конго Республикасынын борбор шаары. Административдик жактан коммунага бөлүнөт. Конго дарыясынын төмөнкү агымынын оӊ жээгинде, Киншаса (Конго Демократиялык Республикасы) шаарынын тушунда жайгашкан порт. Калкы 1,7 млн (2015). Темир жол жана автомобиль жолу аркылуу Пуэнт-Нуар деӊиз порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Текстиль, кийим тигүү, ширеӊке, тамеки, тамак-аш (май, пиво кайнатуу, балык туздоо жана кургатуу) өнөр жайы, нефть ажыратуу, кеме ремонттоо ишканалары иштейт. Жыгачка оймо салуу, кооз карапа чыгаруу өөрчүгөн. Университет, Улуттук музей бар. Борбордук бөлүгү – асфальтталган кенен көчөлөрү, азыркы типте салынган имараттары жана бак-дарактуулугу менен айырмаланып, административдик жана финансы мекемелери, соода жана өнөр жай кварталдары дарыя жээгинде жайгашкан. 1903–50-жылдары Ортонку Конгонун, 1910–58-жылдары Француздук Экватор Африкасынын, 1958–60-жылдары Конго Республикасынын административдик борбору. Экинчи дүйнөлүк согуш мезгилинде «Эркин Франция» (1942-жылдан «Күрөшчүл Франция») кыймылынын таяныч пункту. Француз аскер посту катары 1880-жылы негизделген. 1980-жылдан эл аралык туризм өнүгүүдө. Шаарга жакын ГЭС курулган.