БРАЗИЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРАЗИ́ЛИЯ БӨКСӨ ТООСУ Түштүк Американын чыгышында, Амазонка ойдуӊунан түштүктө. Негизинен Бразилияда, ошондой эле Уругвайдын түштүк бөлүгүн, Парагвай менен Аргентинанын түштүк-батыш четин ээлейт. Атлантика океанынын жээк жагы (чыгыш жана түштүк-чыгыш) бийик (2890 м, Бандейра чокусу). Тереӊ капчыгай, өрөөндүү кырка тоолордон – серралардан (Серра-ду-Мар, Серра-да-Мантикейра ж. б.) турат; алар түндүктө Амазонка, түштүк-батышта Ла-Плата ойдуӊдарын карай эӊкейиштеп кетет. Түштүк Америка платформасынын кристаллдык фундаментинин жер бетине чыгып жаткан урчуктары; алардын аралыктарында тектоникалык кенен ойдуӊдар – Амазонка, Парана, Парнаиба синеклизалары жайгашкан. Негизинен гнейс, кварцит, сланецтен туруп, аларды гранит жана диориттер жиреп чыккан. Ойдуӊдары чөкмө тектер, лавалар менен толгон. Полиметалл, алтын, темир (Итабира) жана марганец кенташтары (Серра-ду-Навиу), боксит (Посус-ди-Калдас) ж. б. кендери бар. Түндүгүн (бийиктиги 250–300 м ж-а борбордук бөлүгүн 800–900 м) түздүктөр (Борборема платосу), чыгышын келки тоо массивдери (Серра-да-Мантикейра; бийиктиги 1350 мге чейин), кумдуктан түзүлгөн үстү тегиз дөӊсөөлөр – шападалар (Мату-Гросу платосу) ээлейт. Төмөн ийилген жана оёӊ жерлери четтери көтөрүӊкү (куэсталар) моноклинал-кабат түрүндөгү жана аккумуляциялык түздүктөрдөн, тектирчелүү лава платолорунан (Панама дарысынын ортоӊку агымы) турат. Бразилия бөксө тоосу субэкватор, тропик жана субтропик климат алкактарында жатат. Жылдык жаан-чачыны түндүк-чыгышында 500 ммден, борбордук бөлүгүндө жана чыгышында 1400–2000 ммге чейин. Агын суулары Амазонка, Парана, Уругвай дарыяларынын алабына кирет; босого, шаркыратмалардын көптүгү кеме жүрүүгө тоскоолдук кылат. Түндүк-батышына нымдуу дайыма жашыл жана жалбырагы күбүлмө дайыма жашыл токой, борбордук бөлүгүнө бадалдуу кампос серрадос саваннасы, түндүк-чыгышына ксероморф-суккуленттүү каатинга сейрек токою, чыгышына нымдуу тропиктик дайыма жашыл жана жайында жашыл, түштүгүнө аралаш токой жана дараксыз кампос лимпос саваннасы мүнөздүү.


Ад.: Лукашова Е. Н. Южная Америка физическая география. М., 1958; Физическая география материков океанов. М., 1988.