БРАНДТ
БРАНДТ Вилли [өз аты жөнү Герберт Эрнст Карл Фрам (18. 12. 1913, Любек – 8. 10. 1992, Рейнланд-Гиральц жери, Ункель)] – германиялык мамлекеттик ишмер; ГФРдин федералдык канцлери (1969–74). Жаш чагынан эле жаштардын социал-демократиялык кыймылына активдүү катышып, Германиянын социал-демократиялык партиясына мүчө болгон. 1932-жылы ал гестаподон Вилли Брандт деген ат менен жашырынып Норвегияга, 1933-жылы Германия Норвегияны басып алгандан кийин Швецияга кеткен. 1945-жылы Германияга кайтып келет. 1949-жылдан ГФР бундестагынын депутаты. 1957–66-жылдары Батыш Берлиндин бургомистри, 1964–87-жылдары Германиянын социал-демократиялык партиясынын төрагасы, 1987-жылдан ардактуу төрагасы. 1966–69-жылдары түзүлгөн христиан демократтардын жана социал-демократтардын коалициялык өкмөтүнүн вице-канцлери, тышкы иштер министри, 1969–74-жылдары ГФРдин федералдык канцлери болгон. Брандттын өкмөтү тышкы саясатта СССР ж. б. социалисттик өлкөлөр менен мамилелерди жакшыртууга шарт түзгөн (Брандттын «жаӊы чыгыш саясаты»), ГФР БУУга мүчө болуп кирген. 1976-жылдан БУУнун дүйнөлүк экономиканын маселелери боюнча комиссиясынын төрагасы болгон. Европада оор саясий абалды жеӊилдетүүгө салым кошкондугу үчүн Брандт Нобель сыйлыгын алган (1971). 1974-жылы апрелде отставкага чыккан.
