БРАУНИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРАУНИ́Т (нем. илимпозу М. Браундун ысмынан) – татаал кычкылдардын тобуна кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Mn2+ Mn63+ SiO12. Тетрагон сингониясында кристаллданат. Өӊү кара. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5. Салыштырма салмагы 4,7–5,0. Гидротерм тарамында, марганец кычкылына бай метаморфизмделген чөкмө тоо тектерде ж. б. кездешет. Браунит – марганец кен ташын (рудасын) пайда кылуучу негизги минерал.