БРЕЖНЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕ́ЖНЕВ Леонид Ильич (19. 12. 1906, Украина, Каменское (азыркы Днепропетровск шаары – 10. 11. 1982, Москва) – саясий жана мамлекеттик ишмер; КПСС БКнын биринчи (1964–66) жана генералдык (1966-жылдан) секретары, СССР Жогорку Советинин Президиумунун Председатели (1960–64, 1977-жылдан), Советтер Союзунун Маршалы (1976), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1961), Советтер Союзунун Баатыры (1966, 1976, 1978, 1981). Курскидеги жер-жайгаштыруу-мелиорация техникумун (1927), Днепродзержинск металлургия институтун (1935) бүтүргөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында (1941–45) аскердик-саясий иштерди аткарган, ошондой эле Чехословакия, Польша, Венгрияны бошотууга катышкан. 1946-жылдан Украина КП(б) Запорожье, Днепропетровск обкомдорунун 1-секретары, 1950–52-жылдары Молдавия КП(б) БКнын 1-секретары, 1953-жылдан Советтик Армиянын жана Аскер-деӊиз флотунун башкы саясий башкармалыгынын начальнигинин орун басары, 1954–56-жылдары Казакстан КП БКнын 2-, 1-секретары. 1952–53-жылдары, 1956–60-жылдары, 1963–64-жылдары КПСС БКнын секретары, СССР Коргоо Советинин председатели, 1957-жылдан КПСС БКнын мүчөсү. Ал 1964-жылы Н. С. Хрущевду бийликтен четтетүүнү уюштургандардын бири болгон. Брежнев өлкөнү башкарып турган мезгилде экономикада, коомдун социалдык, ал тургай рухий чөйрөсүндө бир катар ийгиликтер болгон. АКШ, ГФР ж. б. ири өлкөлөр менен келишимдер түзүлүп, эл аралык абал жеӊилдеген, ошондой эле Европада коопсуздук жана кызматташтыкка карата бир катар иш-чаралар иштелип чыккан.