БРЕМСБЕРГ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕ́МСБЕРГ (нем. Bremse – тормоз ж-а Berg – тоо) – шахтанын жогорудан төмөнкү горизонтуна кенташты түшүрүүгө арналган жер алдындагы жантайыӊкы казылма; оозу жердин бетине чыкпай, кен катмарларынын же кенташ тулкусунун жантайышы боюнча казылган жантык тоо өткөөлү. Демейде, кенди сыртка ташып чыкчу горизонтко чейин казылып, көмүрдү же кенташты ал боюнча конвейер же канаттык вагонеткалар менен түшүрүү жана таза абаны төмөндөн жогору карай берүү максатында да пайдаланат. Аткарган кызматы менен ээлеген ордуна жараша – негизги (башкы), панелдик, ж. б. участоктук жана жардамчы Бремсберг деп айырмаланат.