БРЕТАНЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕТА́НЬ – Франциянын батышындагы жарым арал, Бискайя булуӊу, Ла-Манш кысыгы, Атлантика океаны менен чулганат. Узундугу 200 кмден ашык. Жээги аскалуу, батышы риас тибинде. Көп бөлүгүн Арморикан дөӊсөөсү (бийикт. 391 мге чейин) ээлейт. Вереск бадалдары, кызыл карагай токою бар. Бокаж мүнөздүү. Порттору: Брест, Нант.