БРЕТОНДУКТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРЕТОНДУКТАР – Франциянын түндүк-батышындагы Бретань облусунда жашаган эл. Франциянын башка провинцияларында (Париждин чет жакасында жана Луара облусу), ошондой эле Аргентина, Канада, АКШда да жашашат. Калкынын жалпы

саны 6–8 млн (2014), анын ичинен Францияда 6–7 млн, Бретанда 3 млн. Бретон тилинде, көбүнчө француз тилинде сүйлөшөт. Негизинен католик динин тутушат. Алардын ата-бабалары – Бретань жарым аралында жашаган байыркы кельт уруулары. Бретондуктардын этностук негизин Британ аралынан (англсакстардан) 5–7-кылымдарда жер ооп келген бриттердин кельт уруусу менен аралашкан жергиликтүү кельттердин тукумдары түзгөн. Бретондуктар мал чарбачылык, балыкчылык, бакчачылык менен кесиптенишип, дубалдары граниттен жана сланецтен тургузулган, узун жана жапыз салынган, чатыры камыш же шифер менен жабылган бир кабаттуу үйлөрдө жашашкан. Аялдар башына чепец (кээде жоолук) кийип, корсаж, кенен белдемчи, алжапкыч тагынышкан, чачын жана жакасын жиптен тор сымал токулган жасалгалар менен кооздошкон. Эркектер кемсел, желет, көйнөк, кенен шым, башына баркыт тасма менен кооздолгон, жазы кырбулуу шляпа кийишет. Тамак-ашы – эт, дан, картошка, деӊиз азыктары (балык, устрица ж. б.). Суусундук катары алмадан жасалган шарап ичишет.
Ш. Керимова.