БРИГАНТИНА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРИГАНТИ́НА (итал. brigantino) — эки мачталуу жеӊил жел кайык. Алдыӊкы мачтасынын (фок-мачта) парустары түз, экинчисиники (гротмачта) кыйгач керилген. 16–18-кылымдарда чалгындоо, кабарлоо максаттарында АДФте жана карактоо үчүн да колдонулган. Бригантина кийинки убактарда эч жерде колдонулбайт.