БРИМКУЛОВ Улан Нургазиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БРИМКУЛОВ барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИМКУЛОВ Улан Нургазиевич (2. 8. 1948-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары) – информатик, техника илимдеринин доктору (1992), профессор (1995), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1999). Москва энергетика институтун (1972), анын аспирантурасын (1978) жана докторантурасын (1991) бүтүргөн. ФПИде ассистент (1972), окутуучу, доцент, кафедра башчысы (1991–92), Бишкектеги Менежмент жана бизнес эл аралык мектебинин профессору (1992–93), Жалал-Абад мамлекеттик университетинин ректору (1993–95), Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары (1995–98), КТУнун ректору (1998–2003), КУУда декан (2003-жылдан). Экспериментти пландоо жана илимий-изилдөөлөрдү автоматташтыруу боюнча адис. 120дан ашуун илимий эмгектин, анын ичинен 4 монографиянын автору.
Эмг.: Планирование регрессионных экспериментов при исследовании случайных полей (в соавторстве). М., 1978; Компьютер жана интернет (авторлош). Б., 2004.