БРИМКУЛОВ Нурлан Нургазиевич

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БРИМКУЛОВ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИМКУЛОВ Нурлан Нургазиевич (1953-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул шаары) – терапевт, медицина илимдеринин доктору (1991), КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996). КММИни (1976), аспирантурасын (1981) бүтүргөн. Кыргызстан кардиология ИИИде илимий кызматкер, Улуттук кардиология жана терапия борборунда бөлүм башчы, башкы врач болуп иштеген. 2000-жылдан КММАда кафедра башчысы. Ички оорулар жана бийик тоо медицинасы боюнча адис. 300дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинен 2 монографиянын, 3 ойлоп табуунун автору.
Эмг.: Бронхиальная астма у детей (в соавторстве). Б., 2000.