БРИТАН АРАЛДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРИТА́Н АРАЛДАРЫ – Европадагы аралдар тобу. Атлантика океаны менен Түндүк деӊиздин аралыгында. Жалпы аянты 314,4 миӊ км2дей. Улуу Британияны, Ирландиянын ири аралдарын, ошондой эле Гебрид, Оркней, Шетленд архипелагдарын, Англси, Малл, Мэн, Скай ж. б. аралдарды камтыйт. Британ аралдарында Улуу Британия жана Ирландия мамлекеттери жайгашкан.