БРИФИНГ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРИ́ФИНГ (англисче briefing) – 1) көрсөтмө берүү; 2) басма сөз өкүлдөрүнүн кыскача билдирүүсү. Анда өкмөттүн, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын тиешелүү маселелер боюнча позициялары же эл аралык сүйлөшүү, конференция, жыйналыштарда ич ара макулдашуулар, алардын жүрүшү, катышуучуларынын көз караштары, пикирлери, сунуштары жана башкалар жөнүндө маалымат берилет. Пресс-конференциядан айырмаланып, брифингде чакырылган журналисттердин суроолоруна, эреже катары, жооп берилбейт.