БРНО
БРНО – Чехиядагы шаар, өлкөнүн маанилүү экономикалык жана маданий борбору. Түштүк Морава облусунун административдик борбору. Свитава жана Свратка дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан. Калкы 380,0 миӊ (2019), калкынын саны боюнча өлкөдөгү 2-шаар (Прагадан кийин). Европадагы үч транспорт коридорунун кесилишкен жериндеги жолдор тоому. Брного жакын «Достук» нефть куурунун бир тармагы өтөт. Темир жана автомобиль жолдор тоому. Машина куруу (түтүк, трактор жана станок куруу, химия өнөр жайына жабдуу ж. б.), жүн, тамак-аш, эмерек, полиграфия өнөр жайы бар. Жыл сайын эл аралык өнөр жай (негизинен машина) ярмаркасы өткөрүлөт. Чех ИАнын филиалы, музыкалык искусство академиясы, Морава музейи, университет бар. Сепил катары 11-кылымда пайда болгон. 11-кылымдын аягынан Пржемыслович уделдүү княздыгынын административдик борбору; 12-кылымдын аягынан Морава маркграфынын резиденциясы; 1243-жылдан королдук эркин шаар. 1526–1918-жылдары Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 13–18-кылымдардагы архитектура эстеликтери (13-кылымдагы Шпильберк дөӊсөөсүндөгү сепил), готика стилиндеги чиркөө (Ыйык Пётр, Ыйык Якуб), Эски (14–16-кылымдар) жана Жаӊы (16–18-кылымдар) ратуша сакталган. Эл аралык өнөр жай ярмакалары өткөрүлүүчү павильон комплекстери (1927–28), М. Махованын үйү (1930), Морава банкы (1930–31), почтамп (1038), Тугендхайт вилласы (1930–31; Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген) бар.