БРОЙЛЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРО́ЙЛЕР (англ. Broiler, broil – отко кактоо дегенден) – эттүү тоок. Жөжөсүнүн тирүүлөй салмагы 60–65 күндө 1,4–1,6 кгга жетет. Сойгондо 62–64% накта эт чыгат. Төш эти бардык этинин 32–35%ын түзөт. Даамы жана мүнөз тамактык сапаты боюнча жөжөсүнүн эти чоӊдорунукунан жогору турат – эти жумшак, майы аз. Нью-гемпшир, плимутрок, корниш, москва ж. б. породаларды аргындаштыруудан жакшы аргын бройлер жөжөлөрү алынган. Суткалык жөжөлөр кенен, жылуу, электр жарыгы бар, жакшы желдетилүүчү тоокканада багылат. Жөжөлөргө калориялуу, протеини жетиштүү атайын аралаш тоют берилет. 60–65 күндөн кийин союу цехине жөнөтүлөт. Бройлер өстүрүү бир катар өлкөлөрдө (АКШ, Англия, ГДР, Чехословакия ж. б.) жакшы өнүккөн.