БРОКЕН-ХИЛЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРО́КЕН-ХИЛЛ (Broken-Hill) – цинк-коргошундун дүйнөдөгү ири кенташ (руда) талаасы. Жаӊы Түштүк Уэльс штатында (Австралия союзу). Кен 1883-жылдан белгилүү. Гидротерм-чөкмө жолу менен пайда болуп, метаморфизмделген. Кенташтын чалгындалган запасы 17 млн тдан ашык. Кондициялык өлчөмү: коргошундуку – 8–13%, цинктики – 10–13%, күмүштүкү – 100–150 г/т. Жер астынан казылып алынат. Жылына 150 миӊ т дай Рb, 180 миӊ т Zn, 150 т Аg алынат. Негизи компоненттеринен башка жыл сайын 200 т Сd, кошумча Аu, Сu, Sb ж-а Co алынат. Өндүрүш борбору – Кабве шаары.