БРОНЕТРАНСПОРТЁР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРОНЕТРАНСПОРТЁР — брондолгон, ылдам жүрүүчү чынжыр тамандуу (гусеницалуу) же дөӊгөлөктүү аскер машинасы. Бронетранспортёр мотоаткычтар аскерин, ар түрдүү согуш жүктөрүн жана куралдарын ташууда пайдаланылат. Анын корпусу бактериологиялык жана химиялык куралдардан, радиациялык жапа чегүүдөн коргонууга ылайыкталган. Бронетранспортёрдун авиатранспортко жүктөөгө ыӊгайлуу жана сууда сүзүүчү түрлөрү бар. Чынжыр тамандуу Бронетранспортёрдун эӊ жогорку ылдамдыгы 70 км/c; дөӊгөлөктүүсүнүкү 90–100 км/ска жетет.
