БРОНЗИТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БРОНЗИ́Т – минерал. Химиялык формуласы (Mg, Fe)2[Si2O6]. Ромб сингониясында кристаллданат. Өӊү жашыл, сары күрөӊ. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 5,5. Салыштырма салмагы 3,2–3,3. Бронзит чернокит, норит жана ультранегиздүү тоо тектери үчүн мүнөздүү минерал.