БРОНХИТ
БРОНХИ́Т – колконун былжыр челинин сезгенишинен болгон дем алуу органдарынын оорусу. Катуу кармоочу жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармоочу бронхитти жугуштуу ооруларды козгоочу микробдор пайда кылат. Ал мурун, коко (ларингит), кулкун (фарингит) ж-а кекиртектин (трахеит) сезгенүүлөрү менен коштолот. Оорунун пайда болушуна суукка урунуу, аба температурасынын кескин өзгөрүшү жана нымдуу абада көпкө болуу себеп болот. Ошондой эле тамеки тартуу, арак ичүү, өнөкөт оорулардан организмдин начарлашы түрткү берет. Катуу кармаган бронхитте булчуӊ эт ооруйт, мурун бүтөт, көкүрөк кысылат. Андан кийин акырындап жөтөл күчөйт, аз болсо да какырык пайда болот, дене ысыйт. Оорулуу врачтын көрсөтмөсүн так аткарып, гигиеналык талапты сактаган учурда бир нече күндө толук айыгып кетет, кээде көпкө созулуп, өнөкөт түрүнө өтүп кетиши мүмкүн. Оору кышында күчөп, көбүнчө башка оорулар менен коштолот. Катуу кармаган бронхитте анын түрү менен стадиясына жараша ар түрдүү дарылар берилет. Алдын алуу үчүн организмди чыӊдоо, жугуштуу жана зыяндуу факторлордон сактануу керек.