БРУТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БРУТ Марк Юний (б. з. ч. 85, Италия, Рим – 23. 10. – 42, Филипп, Македония) – римдик саясий ишмер. Цезарь менен Помпейдин ортосундагы күрөштө акыркысын колдогон. Помпейдин Ферсалдын алдындагы жеӊилишинен (48-жыл) кийин, Цезарь аны өз тарабына тартуу максатында Цизальпы Галлиясына наместник, кийинчерээк Римге претор (46-жыл) кылып дайындайт. 44-жылы Брут Кассий менен бирдикте Цезарга каршы кутум уюштурат. Айрым уламыштар боюнча Брут Цезарга биринчи болуп канжар урган. Цезарь өлтүрүлгөндөн кийин Брут менен Кассий экинчи триумвиратка (Октавиан, Антоний, Лепид) каршы республикачыларды жетектейт. 42-жылы Филипп алдындагы жеӊилүүдөн кийин Брут өзүн-өзү өлтүргөн.