БУДЁННОВКА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУДЁННОВКА – Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы кыштак. Октябрь айыл округуна караштуу. Ысык-Ата суусунун оӊ өйүзүндө, Бишкек – Балыкчы автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен737 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору жана темир жол бекети Кант шаарынан 8 км. 1930-жылы отурукташкан. Калкы 3953 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, амбулатория, бала бакча, китепкана, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.