БУДАПЕШТ
БУДАПЕ́ШТ – Венгрия Республикасынын борбору. Пешт медьесинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Дунай дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө административдик-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2016). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-жылы алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-жылы Буда, Обуда, Пешт монгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда – венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королду-

гунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-жылдары Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-жылы көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-жылы мартта немис аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-жылы февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Респликасынын борбору.
Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30% жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорт, электр-техника), текстиль жана химим өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнография жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапешттин негизги бөлүгү – тоолуу Буда (оӊ жээк) жана түзөӊдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапешттин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдардын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соӊку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйпешт ж. б.). Метрополитен иштейт.