БУДДА ИСКУССТВОСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́ДДА ИСКУССТВОСУ – Буддага байланыштуу байыркы жана орто кылымдын аралыгындагы ар түрдүү көркөм эстеликтер. Адегенде Индияда Будданын өмүрү жана иши тууралуу иконография салты, түрдүү символикалык образдар пайда болот. Будда курулушунун негизги типтери: илгери курулган үӊкүр храмдары (архитектура, айкел жана сүрөт синтези катары), ступалар. Кытай, Жапония жана Кореяда ар түрдүү типтеги жыгач храмдар, айкелдик чакан чыгармалар, монумент айкели жана башка сүрөттөр Будда сюжеттеринде курулган. Индонезия менен Камбоджадагы пагодалар (касиеттүү таш мечиттер), Индия, Бирма жана Непалдагы монастырь комплекстери, Тибет, Монголия жана Бурятиядагы лама монастырларынын курулуштары – Будда искусствосунун мыкты үлгүлөрүнөн.

Юнган тоосундагы храмдагы Будданын статуясы (Кытай). 450–545.