БУЙЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙЛА – төөнү жетелеш үчүн жыгачтан жасалып, анын таноосундагы ортоӊку кемирчектин тешилген жеринен өткөрүлүүчү шиш. Ал бир жагы жоон, тоголок бөрктүү болуп жасалып, ичке башы буйла жипти байлоо үчүн муунакталып коюлат.