БУЙЛАШЕВ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУЙЛАШЕВ Таалайбек Сабралиевич (1957-жылы туулган, Нарын облусу, Нарын шаары) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2001). КММИни (1981), СССР МИАнын педиатрия ИИИнун аспирантурасын (1987, Москва) бүтүргөн. Кыргызстан курортология жана физиотерапия ИИИде, РКОдо, КММИде иштеген. 1993-жылдан Кыргызстан акушерлик жана педиатрия ИИИнин директорунун орун басары. Педиатрия, социалдык гигиена жана саламаттык сактоону уюштуруу боюнча адис.