БУЙРУК СҮЙЛӨМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЙРУК СҮЙЛӨМ – бир нерсени аткарууга карата айтуучунун талабын билдирүүчү сүйлөм (мисалы, Жакшылыгыӊды аябай, жардам берип кой! Китебиӊди ала кел!). Буйрук сүйлөм структуралык-грамматикалык жактан ар түрдүү келип, анын структурасын түзүүчү негизги элементи болуп баяндооч (этиштик баяндооч) эсептелет да, буйрук маанини буйрук ыӊгайдагы этиш туюндурат.