БУКИНИСТТИК КИТЕП

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКИНИСТТИК КИТЕП (фр. bouquin – эски, көөнөргөн китеп) – мурда пайдаланылып, кайра сатууга түшкөн китеп. Китеп соодасынын жобосуна ылайык Букунисттик китепке шарттуу түрдө 1851-жылдан 1960-жылга чейин басылып чыккан, эски жана раритеттүү (сейрек) таӊсык китептер киргизилген.