БУКТУРМА (дарыя)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БУКТУРМА 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУКТУРМА – Чыгыш Казакстандагы дарыя; Иртыштын оӊ куймасы. Узундугу 336 км. Алабынын аянты 12660 км2. Түштүк Алтай кырка тоосунун чыгыш жагындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Буктурма суу сактагычына куят. Негизинен мөӊгү, кар сууларынан жана булактардан куралат. Жылдык орточо чыгымы 214 м3/сек. Кеме жүрөт. Жээгинде Зыряновск шаары жайгашкан.