БУЛАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАК , б а ш а т, к а й н а р – жер астынан өзү агып чыккан суу; жер астындагы суулардын жердин үстүнө же жер үстүндөгү суунун (агын суунун, саздын, көлмөнүн, көлдүн, деӊиздин) түбүнө концентрацияланып чыгышы. Булак ар кандай көрсөткүчтөрү жана касиеттери, ошондой эле ошонун ичинде пайда болушу, дебити, жер үстүнө чыгуу шарттары, туруктуулугу, химиялык курамы, температурасы боюнча бир топ түргө бөлүнөт. Мисалга, гидродинамикалык касиеттери боюнча «атырылып чыгуучу» жана «агып чыгуучу» болуп экиге бөлүнөт; химиялык курамы боюнча тузсуз жана туздуу сууларга; температурасы боюнча кайнаган, гипертермалдуу, термалдуу, субтермалдуу же жылуу, муздак, өтө муздак, муздуу, терс температурадагы болуп бөлүнөт. Айрыкча тоо тектердин жаракаларынан жана карстардан чыккан булактын дебити жогору. Булак тоолуу аймактарда көп. Тузсуз; мал сугарылат, кээде сугат үчүн керектелет. Минералдуу жана арашан булактын дарылык касиети бар. Кыргызстанда булактын дээрлик бардык түрү кездешет.
Ө. Бараталиев.