БУЛАК БАШЫ (Лейлек районундагы кыштак)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАК БАШЫ , С ү л ү к т ү – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Кулунду айыл округуна караштуу. Лейлек токой чарбасынын аймагында. Райондун борбору Лейлек кыштагынан 30 км түндүк тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 25 км. Деӊиз деӊгээлинен 593 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1899 (2022); негизинен токойчулукта эмгектенет.