БУЛАНЖЕРИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУЛАНЖЕРИ́Т (фр. минералогу С. Л. Буланженин ысмынан) – татаал сульфиддерге кирүүчү минерал. Химиялык формуласы Pb5 [Sb4 S11]. Моноклин сингониясында кристаллданат. Өӊү каралжын боз, металлдай жалтырайт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5–3,0. Салыштырма салмагы 6,2. Гидротермдик кендерде сульфиддер жана сульфантимониттер менен бирге кезигет. Буланжерит – 2-даражадагы коргошун кенташы.