БУЛАН-СӨГӨТТҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАН-СӨГӨТТҮ (1932-жылга чейин С ө г ө т т ү), К о м с о м о л – Ысык-Көл районундагы кыштак. Кум-Бел айыл округуна караштуу. Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде, Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деӊиз деӊгээлинен 1685 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 18 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 93 км. 1937-жылы отурукташкан. Калкы 1856 (2022); негизинен кой чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 бала бакча, амбулатория, китепкана бар.