БУЛАН-ТӨР МӨӉГҮСҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛАН-ТӨР МӨӉГҮСҮ – Борбордук Теӊир-Тоодогу татаал-өрөөн тибиндеги мөӊгү. Кайыӊды кырка тоосунун түштүк капталында жайгашкан. Узундугу 7,4 км, туурасы 700–1500 м, аянты 9,3 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 5240 м, этеги 3000 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4100 м. Абляция облусунун аянты 3,1 км2. Кайыӊды кырка тоосу менен анын түштүк тармагынын ортосундагы кеӊири төрдөн башталып, батышка карай багытталган. Мөӊгүдөн аты окшош суу агып чыгып, Көй-Капка оӊ жактан куят.