БУЛА ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛА ӨСҮМДҮКТӨРҮ – була алуу максатында өстүрүлүүчү бир же көп жылдык өсүмдүктөр. Аларга зыгыр, кара куурай, кенеп, жут, кендир, кротолярия, сесбания, агава, банан ж. б. кирет. Була өсүмдүктөрүнүн уругунда азыктык жана техникалык май бар. Күнжарасы малга тоют. Алардан ар түрдүү кездеме, аркан, жип, балык уулоо шайманы, таар, килем ж. б. жасалат. Саманынан кагаз, курулуш, жылуулук өткөрбөөчү материалдар даярдалып, отун катары да колдонулат. Кара куурай бакчылыкта кооздук үчүн да айдалат. Россия, Украина, Беларуссия, Өзбекстан, Түркмөнстанда негизинен зыгыр, кара куурай, кенеп өстүрүлөт. Анын 40ка жакын сорту бар.