БУЛУТ
БУЛУТ – өтө майда суу тамчылары менен муз кристаллдарынын атмосферада топтолушу. Ал абада суу буусунун көбөйүшүнөн пайда болот. Абадагы суу тамчылары, кристаллдары чоӊойсо жаан-чачынды пайда кылат. Булуттар жер бети




нен 1–6 кмге чейин же андан да жогорку бийиктикте байкалат. Эгер суу буулары тамчы түрүндө абанын жерге туташ бөлүгүндө коюуланса, т у м а н д ы пайда кылат. Булутту түзүүчү суу тамчыларынын өлчөмү (диаметри) 0,001–0,05 мм, ал эми 1 см3де орто эсеп менен 100–600 тамчы, башкача айтканда 0,2–0,5 г суу болот. Булуттун өӊү ак, боз, кара болот. Калыӊдыгы 0,1 кмден бир нече кмге чейин. Булуттар бийиктигине карай 4 яруска, сырткы көрүнүшү боюнча түрмөк, канат сымал, катмарлуу болуп бир нече түргө бөлүнөт. Булуттун пайда болушун, формасын, түрүн жана анын кыймылын байкоонун негизинде аба катмарларынын туруктуулугун, нымдуулугун ж. б. өзгөрүүлөрүн билүүгө болот. Адам заттын Булуттарга активдүү таасир тийгизе алышынын эл чарбасы үчүн мааниси бар. Азыркы учурда илим менен техниканын жетишкендиктерине таянып, Булуттан жаан жаадыруу, чагылгандуу Булуттардын пайда болушуна тоскоолдук кылып, айыл чарбасына зыян келтирүүчү мөндүрдүн түшүшүн токтотуу, чогулган Булуттарды таркатуу, мезгилсиз жүрүүчү үшүктөрдөн өсүмдүктөрдү сактап калуу жолдору иштелип чыккан. Бул үчүн Булуттарга атайы реагенттер (катуу көмүр кислотасы, йоддуу күмүш, ультра үндөр ж. б.) аралаштырылат. Булуттарга реагенттерди жиберүү (алып баруу) самолёттордун, ракеталардын ж. б. куралдардын жардамы менен ишке ашырылат. Азыркы мезгилде 10 000 км2 аянттагы Булуттарды таратууга же аны узак убакыт бою сактап туруу мүмкүнчүлүгү табылган.