БУЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУЛЬ Джордж (2.11.1815. Линкольн – 8.12.1864, Ирландия, Баллинтемпл) – англиялык математик жана логик. Ал өзүнүн «Логиканын математикалык анализи», «Ой жүгүртүүнүн закондорун изилдөө» деген эмгегинде математикалык логиканын негиздерин киргизген. Анын көп сандаган эмгектеринде сунуш кылынган символдук логика аппараттарынын негизинде пайда болгон математика бөлүгү «Буль алгебрасы» деп аталып калды. Ошол эле учурда аны Б. Спинозанын этикасы, Аристотелдин жана Цицерондун философиялык эмгектери кызыктырган.
Ж. К. Асанов.