БУЛ-ТЕКЕ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ-ТАШ КЕНИ
БУЛ-ТЕКЕ ЧОПОЛУУ БҮЛӨӨ-ТАШ КЕНИ Чүй облусунун Москва районунда, Беловодский (Ак-Суу) кыштагынан 35 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк этегинде, деӊиз деӊгээлинен 1546–1700 м бийиктикте. 1969–70-жылдары Түндүк геологиялык экспедициясы чалгындаган. Аймагын негизинен ордовик менен антропоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө жана девондун аягында жиреп чыккан интрузия тоо тектери түзөт. Күӊүрт боз, кара түстөгү серицит-чопо-көмүртектүү жана көмүр чополуу бүлөө таш (сланец) – кендин пайдалуу катмары. Алардын калыӊдыгы 600 мден ашык. Бүлөө таштын көөп чыгуу коэффициенти 6,14% жана температурасы 116°С, орточо тыгыздыгы 0,44 г/см3. Бүлөө таш «Б» классынын «500» маркасындагы керамзиттик гравий жана кум алууга жарамдуу. Запасы А+В категориясы боюнча – 3873 миӊ м3, С1 – 37500 миӊ м3. Баланстагы запасы: А–112 миӊ м3, В–1109 миӊ м3, С2–37500 миӊ м3.