БУМЫН
БУМЫН (490–552, Түрк кагандыгы) – Улуу Түрк кагандыгынын (552–744) негиздөөчүсү жана анын 1-каганы. Ашина уруусунан. Түрк жазма булактарында Бумын каган, ал эми кытай жазма булактарында Тумын каган деп да аталат. Бумын адегенде башка мамлекеттер менен соода жана элчилик байланыштарды түзө баштаган. 545-жылы анын ордосуна жужандардын душманы болгон Батыш Вэй императору Тайцзудан элчи келген. Кийинки жылы Бумын өз элчисин императордун сарайына жиберген жана акырындык менен өзүнүн душмандарына каршы союз түзө баштаган. Жужандарга каршы

чыгууга али эрте экендигин түшүнгөн Бумын алардын ханы Анахуанга мурункудай эле көз каранды бий катары темирден жасалган буюмдарды жөнөтүп турган. Кала берсе ал жужандардын бийлигине каршы көтөрүлүштөрдүн бирин баскан. 550-жылы Жунгарияда жашаган теле уруулары Монголиядагы Анахуандын ордосун көздөй жортуулга жөнөшкөн. Бирок алар жарым жолго келгенде жакшы куралданган Бумындын атчан аскерлери тарабынан талкаланган. Бул жеӊиштен соӊ Бумын жужандарга каршы согушка даярдана баштаган. Ал Анахуан менен кагылышуу максатын көздөп, анын кызынын колун сураган. Буга ачуусу келген Анахуан «сен менин темир эриткичимсиӊ, кантип сен мага ушундай сунуш кылууга батындыӊ» деп одоно жооп берген. Бумын мындай жооп менен келген Анахуандын элчисин өлтүрөт, батыш вейлик император Вэньди менен жужандарга каршы келишим түзүп, анын кызы Чилеге үйлөнөт. 552-жылы Бумын жужандарга каршы согуш ачып, аларды аёосуз талкалаган. Жеӊилген Анахуан өзүн өзү өлтүргөн. Ошентип, Борбордук Азияда Улуу Түрк кагандыгы түзүлүп, Бумын «илигкаган» деген титул алган.
Ад.: Гумилев Л. Н. Древние тюрки. М., 1967; Караев Ө. Көөнө түрктөр тарыхы. Б., 1994.
Ө. Караев.