БУРАМА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРАМА, в и н т – сайлуу бирикменин же бурамалуу кыймыл өткөрүүнүн сайы бар көзөнөктүү тетиги. Жуп буроого (шпилькага) же буроого буралган бириктирме бурама буроолуу бирикмени түзөт; формасы боюнча 6 кырдуу,

жумуру, кулактуу (гайки-барашки), таажылуу ж. б. түрдө болот. Жуп болуп иштөөчү күч менен же кадамдуу бурамалар, конструкциялык түйүнгө жараша ар кандай формада жана өлчөмдө жасалат. Айрым учурда эки бөлүктөн турган ажырама бурамалар колдонулат.