БУРГУЛАП ТЕШҮҮЧҮ МАШИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛАП ТЕШҮҮЧҮ МАШИ́НА – жантайыӊкы жана тике жаткан көмүр катмары аркылуу диаметри 390 ммге чейинки бургулоо көзөнөгүн төмөндөн жогору карай бургулап жана анын диаметрин 500–850 ммге чейин жеткирип, жогортон төмөн карай кеӊейтүү милдетин аткаруучу машина. Бургулап тешүүчү машина айланып бургулоочу станоктон, бургулоо аспабынын кошумчаларынан, кергич таянычтардан, көмүр шилөөчү жана чаӊ тосуучу түзүлүштөрдөн турат.

Бургулап тешүүчү машина: 1 – кергич тирөөч; 2 – патрон;
3 – герметизатор; 4 – бургулагыч (забурник); 5 – кеӊейткич;
6 – жарык бергич; 7 – бургулоо штангасы; 8 – илгич.